• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүү сунушталды

16 Кулжа 202113:31 Бишкек Govori.TV

Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Аталган ведомство министрлер кабинетинин «2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү» жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Калк үчүн сунушталган тарифтер төмөнкүчө:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 227,2 сом (азыркы баасы 981,76).

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом).

Количество просмотров: 140