• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жылуулук өткөргөн кудуктан европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылды

10 Үчтүн айы 201910:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Бишкекте 9-январь күнү саат 15:20ларда жылуулук түтүгү өткөн кудуктан европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта жазылгандай, кудук Геология кыска көчөсүндө жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Учурда өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 56