• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

16 Бештин айы 202010:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү саат 00:08де Турусбеков жана Сыдыков көчөсүндөгү жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 30-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 149