• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жыпар Жекшеев Бабановду оозанды…

6 Жалган куран 201916:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

КТКРга директорду шайлоо таза жана ачык болду. Мындай оюн Жыпар Жекшеев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Биз акырындык менен саясий маданияттуулукка үйрөнүп жатабыз. Байкоочу кеңешти «Чайкооочу кеңеш» болду деген пикирлер айтылбадыбы, эмнеси «Чайкоочу кеңеш» болду? Эгер биз оппозициялык телеканалдын директорун Улуттук каналга башчы кылып шайлап алсак. Керек болсо ал Бабановдун жеке менчик каналында иштеген. Эгерде бийлик аралашса «ал Бабановдун кадры аны өткөзбөгүлө»,-деген аракеттер болот эле. Андай аракет болгон жок, биз өзүбүз тандадык»,-деди Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев.

КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды.

Количество просмотров: 12