• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жыргалбүбү Жусупбекова: Алган насыялардын пайызын кыскартууга салым кошмокмун

16 Жетинин айы 2020 11:44 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жыргалбүбү Жусупбекова.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан келген Жыргалбүбү айым жергиликтүү кеңеште депутат.

«Эгер мен чоң саясатка аттанып, эл өкүлү болуп калсам билим берүү жаатына дыкат көңүл бүрмакмын. Андан тышкары айыл жергесинде насыя алгандардын пайызын кыскартууга салым кошмокмун. Албетте, аймактарда көйгөйлөр көп да, ошолорду чечүүгө болгон аракетимди кылам»,-дейт Жусупбекова.

Количество просмотров: 98