• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Зиядин Жамалдинов, депутат: “Түштүк цемент заводунун “крышасы” ким?”

29 Жалган куран 2018 9:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.03. 2018. Govori.TV
“Түштүк цемент заводунун “крышасы” ким, каякта отурат? Дегеним, бүгүн аталган завод цементти жергиликтүү элге 5 сом, 8 тыйындан, ал эми Өзбекстанга 2 сом, 80 тыйындан сатып жатат. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Жамалдин Зиядинов айтып чыкты.
Анын пикиринде, депутат, Өкмөттүн алдындагы антимонополия агенттигине кат жазса, ал жактан “2017-жылдан бери аталган заводко кат жазып, өздүк наркынын баасын ала албай жатабыз деген жооп алыптыр. Андыктан эл өкүлү салык кызматына да кайрылып, бул завод чыгарган продукциясынын тең жарымын экспортко чыгарып жатабыз деген шылтоо менен салыкты аз төлөп жатканын, пайдадан түшкөн салык да жашырылып жатканын айтат.
“Ошол Түштүк цемент заводу курулдуп жатканда Кулатов айыл өкмөтү менен меморандумга кол коюп, айыл өкмөтүнө караштуу ички жолдорду оңдоп бере турганын, мектеп жана башка социалдык курулуштарды курарын, айыл өкмөттүн тургундарына цементти өздүк наркы менен берээрин убада кылган. Бирок, мунун баары аткарылбай, ошол жердеги элдер 5 сом 8 тыйындан сатып алышууда. 70 пайыз жумушчуларды ошол аймактан алуу дагы аткарылган жок”,-дейт депутат.
Ошондой эле ал, айыл өкмөт бир жылдан бери лизинг менен техника сатып алууга акча сурап, ала албай жатышканын да кошумчалады.
Количество просмотров: 40