«Кыргызфармация» ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдиргендей, Аруузатка «Золгенсма» дарысын сайышкан, бирок ал натыйжасын берген эмес, мындан улам «Рисдиплам» дарысына өтүшкөн.
«Айтып кетсем СМА деген оору тууралуу, буга чейин Аруузатка миллион доллар чогултуп бергенде ошо «Золгенсманы» сайышкан. Бул дары өзүнүн натыйжасын бербеген себептен кийинки «Рисдипламга» өтүшкөн. Азыркы күндө Аруузат ошол дары менен өзүн жакшы сезип, алып келе жатат», — деди ал.
Тохтасинова белгилегендей, Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен 28 бала ооруйт. Мындай дарт менен ооруган балдар үчүн былтыр Жогорку технологиялар фондунан 100 миллион сом бөлүнүп, ага сегиз бала үчүн Рисдиплам (Evrysdi) дарысынан 240 флакон алынып келинген. Кийин дагы 100 миллион сом каралып, ага ушул эле дарынын түрүнөн 240 флакон келген. Эки этап менен келген каражаттар жалпы 16 балага берилген.
Бул арада Аруузаттын апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп жазып, «Золгенсма» жардам берген жок деген туура эмес экенин айтты.
Анын айтымында аталган дары Аруузаттын оорусун андан ары өсүп кетишин токтотуу үчүн сайылган. Ал эми «Рисдиплам» дарысын «Золгенсманы» күтүп жаткан учурда алганын айтып, бирок мамлекеттин эсебинен эч качан алышпаганын белгиледи.
«Бүткүл элдин алдында укол жардам берген эмес дегенин угуу оор болду. Укол оорунун өөрчүп кетпешине жардам берди деп дайыма айтып келем. Укол ошого гана жардам берет. Укол алган соң Аруузат палатадан басып чыгат деп эч ким айткан эмес»,- деп жазды ал.
