• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузатка каражат чогулуп бүттү

4 Жалган куран 2022 9:26 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат Ташматованын дарысына каражат толугу менен чогулду. Бул тууралуу Аруузаттын апасы Жылдыз Ташматова билдирди.

«Бизге жардам берген ар бир адамга жүрөгүбүздөн ыраазычылык билдиргибиз келет! Бул масштабдуу жыйын Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу болуп, бардыгынын аракети менен аны жапканыбызга кубанычтабыз. Элибиздин ынтымагы, боорукердиги баарына кудуреттүү экенин дагы бир жолу далилдедик. Эми «Золгенсма» дарысын алышыбыз керек жана анын канчага созуларын билбейби!», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Аруузатка керек болгон «Золгенсма» дарысы 2 миллион 300 миң доллар турат.

Количество просмотров: 100