• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зомбулукка каршы чыккандарды белгисиз адамдар келип ИИМдин алдынан сүрүп чыгарышты

15 Чын куран 202112:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында министрдин отставкасын талап кылган митинг өтүп жатат. Митингге чыккандар Айзаданын өлүмүнө байланыштуу эч ким жаза албаганын айтып, министрдин иштен кетүүсүн талап кылышууда.

Буга чейин да 8-апрелде активистер уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын каза тапканына байланыштуу чыккан митингде да Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан эле.

Алар чогулуп турган ИИМ имаратынын жанына бей өкмөт уюмдарына каршы пикирн айткан топ келип кошулуп, ортодо сөз айтышуу болду.

Зомбулукка каршы чогулгандарга келген топ «ЛГБТ, гейлерге жол жок» деп кыйкырышууда.

Количество просмотров: 285