• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Зордуктоого кабылган жаш кыздын атасы тергөөгө нааразы болду

4 Чын куран 2024 11:08 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто жаш өспүрүмдүн укугун камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчылык тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болгон өспүрүм кыздын атасы анын кызынын укугу бузулуп жатканын айтып арызданды.

Анын айтымында, кызын зордуктоо боюнча кылмыш иштин алкагында сот отуруму 2023-жылдын май айынан ушул күнүнө чейин дээрлик бир жылдан бери созулуп келет.

Кыздын атасы тергөө жана сот учурунда да кыздын укугу бузулуп жатканын айтып, зордуктоого шектелип жаткан айыпталуучу жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулайт.

“Сотто айыпкердин жактоочусу аны актоо үчүн кызымды каралап жатат. Зордуктоо 2022-жылдын декабрь айында болгон. Ошондон бери биз адилеттик үчүн күрөшүп келебиз. Бирок, тергөө жана прокуратура органдары тарабынан биздин укуктарыбыздын одоно бузулушуна туш болуп жатабыз. Мыйзамга ылайык, жабыр тарткандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдар далилдерди жоготуп, ал эми экспертиза ар кандай корутунду чыгарып жатат.

Мисалы, беттештирүү учурунда, кылмышка шектүү, кызымды спирт ичимдиктерин ичирип, мас кылып зордуктаганын моюнуна алган. Ошондой эле, ал кызыма боюна болтурбоо үчүн дары ичиргенин да айтып берген. Сурак кылмышка шектүүнүн жактоочусунун катышуусунда болгон. Ал эми сурактын жүрүшү видеого тасмага тартылып турган. Тергөөчүнүн тактап сурган суроолорунун барына шектүү жооп берип, тастыктап берди. Мунун баары шектүү кармалган биринчи күнү болгон. Ошол эле учурда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө токтом жазып берген. Экспертиза кыздын кыздык белгисинде бузулуу бар деп зордуктоого кабылганын тастыктады. Эксперттин алдын ала корутундусу ишке тиркөө үчүн тергөөчүгө өткөрүп берилди», — деди кыздын атасы.

Бирок, кыздын атасынын айтымында, бир аз убакыттан кийин баары өзгөрүп баштаган.

“Кылмыш иштин материалдарында шектүү зордуктоону мойнуна алган видео жок экени белгилүү болду. Алардын айтымында, тартуу иштери башталганда камеранын иштетүү баскычын басууну унутуп калышкан имиш. Ушул кантип болсун? Зордуктоо ырасталгандан бир нече күн өткөндөн кийин, мага эксперттик кызматтан телефон чалып, экспертиза жүргүзүү үчүн кайра келүүнү суранышты. Биз келсек, ал жакта бизди 4-5 дарыгер күтүп жатышыптыр, алар текшерүү жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок экенин айтышты. Биз ачууланып, жеке клиникадан гинеколог чакырдык, ал кызбыздын зордуктоого кабылганын аныктап берди. Бирок, ошентсе да экспертиза бизге кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок деген корутундуну берип коюшту”,- деп кыздын атасы нааразыланды.

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, 2022-жылы 7-декарда 2007-жылы туулган 15 жаштагы кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн РИИБне арыз менен кайрылган.

«9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу, болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында, кыз Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Андан тышкары, батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Аларды милиция ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Милицияда кыздын атасы кызы табылганын, аман-эсен экенин, дооматынан баш тартаарын билдирип, арыз жазыш керек болчу.

Бирок, бул маалда башка кабинетте отурган өспүрүм кыз терезеден секирүүгө аракет кылган. Ошол учурда аны токтотконго жетишип калышкан. Ошондо кыз ыйлап, кармалгандардын бири аны зордуктаганын айтып берген. Кыздын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган, бирок кылмыш башка райондо болгондуктан, иш башка РИИБге өткөрүлүп берилген. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган. Андан сырткары, кыз табылган үйдө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, кыздын билологиялык суюктуктар бар колготкиси табылган. Бирок тергөө учурунда шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып кое берип жиберишкен. Азыр ал дээрлик бир жылдан бери эркиндикте жүрөт», — деп жазылат Акыйкатчылык тараткан маалыматта.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды кыздын укуктарынын камсыздоого чакырат.

«Акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылган курмандыктарды атайлап каралоо учурлары көбөйдү. Зордук-зомбулукка кабылган секелек кыздардын өздөрүн күнөөлөгөнгө аракет кылгандар бар. Укук коргоо органдары ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюп, зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш», — деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле Акыйкатчы соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий суроо-талаптарды жиберет.
Андан сырткары, Омбудсмен өзгөчө тынчсыздануу менен зомбулуктун курмандыктарынын жеке маалыматтарынын купуялуулугунун сакталышын камсыздоого укук коргоо органдарынын көңүлүн бурат.

Количество просмотров: 147