Бектур Зулпиев 13-февралда президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал буга чейин президенттин кеңешчиси болчу.
Ал эми Алмасбек Абытов Кыргыз Республикасынын президентинин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулганы мунун алдында кабарланган.
61 жаштагы Бектур Зулпиев 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасында иштеген.