• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Зулпукаров: Күйүүчү майдын баасын жөнгө салыш керек

13 Бугу 2020 13:31 Бишкек Govori.TV

Себепсиз кымбат болуп жаткан күйүүчү майдын баасын жөнгө салыш керек. Бул тууралуу бүгүн депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

“Газпромдо бензиндин дүң баасы 19 сомдон болсо, бензин куючу жайларда 30 сомдон жогору. Монополияга каршы күрөшүү кызматы эмнени карап отурат. Он сомдон ашык кошуп сатып жатышат. Так тапшырма берип абалды жөнгө салыш керек”, — деди Зулпукаров.

Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү майдын баасы 2-3-сомго түшкөнүн, дагы арзандатуу боюнча маселе караларын билдирди.

Количество просмотров: 145