• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр менен Башкы прокурор ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди 

4 Кулжа 2022 10:41 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып: 

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савердинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин, 

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Количество просмотров: 4411