• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмаз Шаадаев «адам өлтүргөн жокмун, Акаев менен сүрөткө түштүм» дейт

7 Бештин айы 2017 19:07 Бишкек Govori.TV

Ырчы Алмаз Шаадаев бүгүн инстаграмдагы баракчасына Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырып “Almazshaadaev Бул жолугушуу аябай көп интрига жаратып, сага эми кысым болот деген ушактар жакшы эле тарады окшойт..Мага жаман болгудай мен киши өлтүрүп, ууру кылдымбы?..Болгону кыргыздын туңгуч президенти катары учурашып жылуу сөздөрдү айттым..»Жакшы сөз жан эргитет»  жакшы сөз сүйлөсөк эч жерибиз кемип калбайт.. Комментариийлерде кошомат, акча тууралуу жазгандар, адам кандай болсо башканы ошондой ойлойт деген сөздү силерге тапшырдым…Мен бул инсанды адам катары сыйлайм”, -деп жазган.

Айта кетсек, ырчы жигит Москвадагы тойдо ырдап жатып, экс-президент Аскар Акаевге жолукканын инстагрмадагы баракчасына кабарлап, видео аркылуу жүктөгөн. Бул видеону 156 283 ашык инстаграмдын колдонуучусу көргөн.

Количество просмотров: 15