• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

02. 04. 2018. Күндүн ыргагы. Экстин эмоциясына теңелбеген Президент… Бишкектиктер жөө калды… Эртең ТЭЦтин “кара ашы” өтөт…

2 Чын куран 2018 19:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02. 04. 2018. Govori.TV
31-мартта КСДПнын курултайынан кийин ММКларга маалымат-жыйынын өткөргөн Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине карата кандай олуттуу кинелерди айтканы баарыбызга маалым. Башкасын айтпаганда да, “оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат” дегендей болуп, Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦинин авариясына Президент Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп, “кышка даярдык, Бишкек ТЭЦинин ремонту боюнча иштердин баарын Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөт жасаган” деп  айткан эле. Бул албетте, катардагы эле ишти башкага оодара салуу эмес, түздөн-түз оор күнөөнү мойнуна илүү эмеспи. Анткени, ТЭЦтеги аварияда Бишкектин жарымы жылуулуксуз калып, миллиондогон жарандар кышкы суукка кайыгып, анын артынан 386 млн. АШК доллары корогон ТЭЦтин модернизациясындагы коррупция жыттаган чоң былыктар ачыкка чыккан. Андыктан, мындай ишке азыр күнөөкөрдү күндүзү чырак менен издеп жаткан маалда, экс-президенттин айткандары өтө резонанс жараткан. Ооба, бул сын боюнча оор басырыктуу Сооронбай Шариповичтин да жообу көп күттүргөн жок.

Тагыраагы, Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева  бүгүн, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө өлкө башчысы тараптан расмий түрдө жооп кайтарылбастыгын, анткени, анын билдирүүлөрү эмоция аралашкан, күтүүсүз билдирүү болбогонун, мунун баары мурда эле экөө жолукканда айтылып, бирок, ар кимиси өз позициясында кала бергенин билдирди.
«Белгилеп коюучу нерсе — Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок»,- деп билдирген Толгонай Стамалиева.
Ошондо маалымат катчынын сөзүнүн төркүнүнө келсек, экс-президент менен шайланган президенттин жолугушуусу экөөнүн “көчтү” талашканын билдирип турат. Ошондо эле мурдагысы кийинкисин айыптап, “ТЭЦ боюнча ушунчалык маалыматты ачыкка чыгарбай эле, жаап койсоң болот беле? Же эмне, бул жерден мага байланыштуу илинчек тапкың келип турабы?! Сен аны каза турган болсоң, анда мага таарынба!” таризинде катуу тийип, азыркысы болсо “Мени эл шайлаган, кандай иш алып барам өзүм билем, борбордун элин тоңдуруп, модернизациядагы эл төлөй турган акчанын сайда саны табылбай, бир кемпир ооздун баасы 600 доллар болуп турганда, унчукпай койо албайм. Коррупция менен күрөшөм дедимби, күрөшөм! Депутаттык комиссия, өкмөттүк комиссия кандай чечим чыгарса ошого жараша иш кылам!”,-деп жарылып кеткен окшойт.
Ошондон кийин эки “достун” жолу экиге айрылып, кара жини кашайган Алмазбек Шаршенович КСДПнын курултайына катышуучулардан  Асылбек Жээнбековду сызып, анын мандаты боюнча маселени атайылап, кайра-кайра козгоп калса керек. Кыскасы, ушуну менен экөөнүн ортосундагы тандем токтоп, эми алар ар кимиси өзүнчө аракеттене турган болушту. Азырынча, чынын айтыш керек, Алмазбек Шаршеновичтин колунда күч бар. Тагыраагы, өкмөт анын колунда, УКМК, Башпрокуратура да анын таасиринен чыга элек. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун таянганы Коопсуздук Кеңеши жана шайлоочулары, эли. Ортодо парламент өпөң-чычаң абалында күч кимиси жакка реалдуу оой турган болсо ошол жакка баш урууга даяр болуп, үрпөйүп тургандай элес калтырат. Анткени, парламенттегилердин көпчүлүгү так ошол Алмазбек Шаршеновичтин тизмеси аркылуу келген өңчөй олигархтар менен экс-чиновниктер. Баардыгын  куюшкандары анын колунда. Азырынча, оюн салып кетүү алар үчүн опурталдуу.
Бишкекте мэрден башкасы жөө калдык
Бишкекте бүгүн тарыхый күн болду. Кашайып, жакшы жагынан эмес… Анткени, бишкектиктердин дээрлик 70 пайызын шаар ичинде ташыган маршруттук кичи автобустардын шоопурлары массалык иш-таштап, таңдан бери көчөгө чыкпай койду. Мындай эзели болгон эмес, көчөлөр жөө адамдарга толуп, аялдамаларда кочураган шаардыктар бирин-серин жүргөн коомдук унаалар троллейбустар менен автобустарга колу-буту чыгып калганча шыкалып жатышты. Шаар бийлиги алдастап калды.

Көрсө, жөө жүргүнчөлөрдү ташыган шоопурлар муну менен Өкмөттүн жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү боюнча токтомуна каршылык билдирип жатышыптыр. Албетте, каршылык акциясын өткөрүү демократиялык коомдо алардын укугу. Бирок, бир-эки күн мурун иш таштоо болоорун айтып койсо, шаардыктар да самсаалап көчөдө калбай, бир айласын табат беле…
Андан да кызыгы, айдоочулар бул милдеттүү камсыздандыруу менен кошо эле көптөн бери ичинде жүргөн нааразычылыктарын сыртка чыгарып, бир чети күлкү келээрлик, бир туруп жан кашайта турган талаптарды айтып турушту. Мисалы, алар жүргүнчүлөрдү аялдамадан гана эмес, каалаган жеринен салып же түшүрүүнү, жолдун экинчи сызыгынан бурулууну, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү, окуучулар менен пенсионерлерге деген жеңилдиктерди алып салууну да талап кылышты.
Бирок, шаар мэри Албек Ибраимов иш таштаган айдоочулар менен ийри отуруп түз кеңеше турганын, анткени менен алардын талаптарын орундатпай турганын айтып чыкты. Экинчи тарап болсо, “керек болсо он күн ишке чыкпайбыз, баркыбызды билсин, элдер дагы биздин кадырыбызга жетсин…” деп көгөрүп турушат. Бирок, коомчулук маршруттук кичи автобустардын бул кылыгын кечирбей турганын, мэрия абалдан пайдаланып мамлекеттик кыянатчылык кылган 42 жеке транспорттук компаниянын лицензиясын кайрып алып, жаңы келишимдер менен шарттарды түзүшү керектигин, мындай чагым кылгандарга чара көрүүнү суранып жатышат.

Албек Ибраимов эми абалдан пайдаланабы же өзү жолтандабас минип жүргөн неме, шаардыктардын келечегин ойлобой алардын талаптарына көнүп, жол кирени кымбаттатып туруп береби, азырынча айтыш эрте. Ал арада ошол иш таштаган шоопурлар өздөрү деле очойгон насыяда отурганын айтып башташты, насыя деген күтпөй турган нерсе болгондуктан, эртең эле эдиреңдеп каттап калышы да толук мүмкүн. Бир карасаң,  камсыздандыруу милтеттемеси боюнча бир шоопур бир жылга 5-6 миң сомго чейин төлөйт экен, айга бөлө келгенде 500 сом.  Бул асманды таштап жибере турган чоң сумма эмес.Ошого жараша булар да жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун мойнуна алып, олдоксон отургучтарын оңдоп, тешилген таманын жамап, одурайган кармоочторун жылмалап, жол эрежесин так сактап айдоогоо көнүшү керек.
Эртең Бишкек ТЭЦинин “кара ашы” өтөт…
Үч айга созулган Бишкек ТЭЦинин авариясын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы эртең жыйынтыктоочу отурумга чогулат. Бүгүн алар экс-өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариевди, Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимованы баш кылып жыйынга чакырып суроолорду узатышты.
Бирок, баягы эле кайталанма суроолор:-”386 млн. кайдан келип чыкты эле?”, “Техникалык-экономикалык негиздемесинде баалар талкууланды беле?”, “Кытайдын Эксимбанкынын келишими туура болгонбу же жокпу?”, “Химиялык цех эмнеге курулбай калганы?”  сыяктуу үч айдан бери айтыла берип, ашмалтайы чыккандар кайталанды. Буга болсо  жалгыз ошол кездеги Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдон башка жаңыча жооп айткан жан болгон жок. Ал болсо кытайдын банкы менен болгон келишим эл аралык нормадагы келишим эместигин, андыктан, Жогорку Кеңеш ратификация кылууга жатпай турганын ошондо эле жазып беришкенин, бирок, буга карабай Кытай өкмөтүнүн талабы менен биздин өкмөт аны ратификация кылып, ЖКнын кепилдигин алганын айтып берди. Башкалары болсо мурдагыдай эле баардык ишти ТВЕА компаниясы менен болгон келишимге шылтап, андагы асмандаган баалар боюнча эч жарытылуу жооп айткан жок. Депутаттар да бул иштен жыйынтык чыкпай турганын, анткени, ТЭЦтин модернизациясынын аягы кытай сепилиндей тешип өткүс келишимге гана барып такалып калаарын моюндагандай көңүлдөрү жок, тийди-качты мамиле жасап калыптыр.
Ошону менен эртеңки отурумда депутаттык комиссия ТЭЦтин модернизациясы боюнча иштин жыйынтыктаган болуп, эч кимге пайда-зыяны жок корутунду чыгарып, төраганын колуна тапшыра турган болушту. Анда ашып кетсе “укук коргоо органдары модернизация боюнча укуктук баа берсин” деген бир пункт болсо болот, болбосо жок. Ошону менен кыргыз эли кыйналып-кысталып 386 млн. долларды үстөгү менен төлөй бермекчи…
Количество просмотров: 29