• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Булбулсуз 1 жыл». Акын Жеңишбек Жумакадыр Элмирбек Иманалиевди жоктоду

20 Чын куран 2021 10:39 Бишкек Govori.TV

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Кыргыз Эл артисти, кыргыз-казакка белгилүү төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиевди эскерип «Булбулум» ырынын обонуна салып досун жоктогон ырын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Чыгармада акын досуна болгон сагынычын ырдаган.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мындан туура бир жыл мурун мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан, андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүндө билим алган. Анын «Коштошуу вальсы», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Булбулум», «Аруузатым», «Мунарым» сыяктуу обондорун укпаган кыргыз жок.

Количество просмотров: 5322