• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элмирбек Иманалиев атындагы фонд түзүлдү

6 Кулжа 2020 10:31 Бишкек Govori.TV


Залкар талант, төкмө акын  Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд түзүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине акындын кызы Айзуура Иманалиева билдирген.

Маалыматка ылайык, Элмирбек Иманалиев атындагы фондду акындын бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев жетектейт.

«Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууга экинчи ирет учурадык. Бирок өзүмдү колго алып, атамдын экинчи өмүрүн узак кылууну тилек кылып, бир туугандары менен «Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун» ачууну туура көрдүк. Атамдын талантын баалап, анын ишинин уланышына кызыкдар адамдардын бар экени көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддо иш алып барсак туура болчудай. Анүстүнө өлгөн адамдын атын жамынып, акча табуунун айласын кылгандарды да көрдүк. Биз ага жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык», — деп билдирген Иманалиева.

Эске салсак, 42 жаштагы залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү оорудан көз жумган. Акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.


Количество просмотров: 426