• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элмирбек Иманалиевдин кызы турмушка чыкты

11 Баш оона 2020 12:12 Бишкек Govori.TV

КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын
маркум Элмирбек Иманалиев жана Гүлбү Ороскул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Сезим Иманалиеванын  кыз узатуу тоюу 8-августта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жакын адамдардын катышуусунда өтүп, ал Ош облусунун Өзгөн районуна келин болгон.

Белгилей кетсек, ырчы Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрда көз жумган. Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиев ушул жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарындагы бейтапканалардын биринде каза болгон. Алардын Айзуура жана Сезим аттуу 2 кызы бар. 

Количество просмотров: 730