• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1 ай мурда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү табылды

6 Жалган куран 202312:58 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районунда 1 ай мурун дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан.

«Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Количество просмотров: 485