• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Элеттеги эжей аралыктан кантип окутат? (видео)

21 Бугу 2020 19:09 Бишкек Govori.TV

Өлкө боюнча карантин жарыяланып, мектеп окуучулары, ЖОЖдун студенттери,
сабактарды дистанттык режимде окууга өттү. Аралыктан окутууну башынан биринчи жолу өткөрүп жаткан педагогдор абалдан кантип чыгып жатышат? Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин директору Айжан Ногойбаева айтып берди.

Мектеп директорунун айтымында, аралыктан окутуунун биринчи жумасында мугалимдер окуучулар жана алардын ата -энелери менен биргеликте жаңы форматта биргелешип иштөөнү өздөштүрүшсө, кийинки жумаларда педагогдор өз алдынча инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүшүп, ар бир мугалим чыгармачылык менен изденип,  учурда дистанттык билим берүү процесси ойдогудай нукка түшкөн.

«Аралыктан окутуу жалпы эле педагогдорду, анын ичинде орто курактагы мугалимдерди башында бир топ түйшөлткөн. Бирок кесипкөй, тажрыйбалуу мугалимдерибиз бул ыкманы оңой эле өздөштүрүп, окуучулар менен аралыктан болсо да кызыктуу онлайн-сабактарды уюштурушууда», – деди Ногойбаева.

Ногойбаева мисал катары жогоруда аты аталган мектепте эмгектенип жаткан башталгыч класстын мугалими Шоола Казакованын аралыктан окутуу сабактарынын мисал катары келтирди.

Ал эми Шоола Казакова, дистанттык окутуу процесси мурдагы окутуп жүргөн учурга салыштырмалуу мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да бир топ кыйынчылыктарды жаратканы менен, эки тарап учурдагы кырдаалды тушүнүү менен кабыл алып, абалдан чыгуунун аракетин көрүп жатканын айтат.

«Албетте, аралыктан окутуу системасы балдар менен мурункудай бетме бет отуруп, алар менен баарлашууну толугу менен алмаштыра албайт. Чынын айтыш керек мугалимдер үчүн, окутуунун жаңыча технологиялар менен айкалышкан жаңы методикасын кыска убакытта өздөштүрүп кетүү оңойго турган жок. Ошентсе да окуучуларыбыздын билим алуусу үзгүлтүккө учурап калбасын деп сабактарды өз убагында гана эмес, кызыктуу да кылып окутууга бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз»,- деди башталгыч класстын мугалими.

Белгилей кетсек, академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде жалпысынан 536 окуучу билим алып, 33 мугалим эмгектенет.

Булак: Slon.kg

Количество просмотров: 330