• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн айлыктары көтөрүлбөй калды

24 Жалган куран 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

1-апрелден тарта өлкөдөгү аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын айлыгы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, дарыгерлер менен мугалимдердин айлыктары эки эсеге артта калып калган.

«Былтыр укук коргоо органынын, аскер кызматкерлеринин айлыктарын теңедик. Милиция менен жолугушканда да айттым, чыдап берсеңиздер. Азыр милиция кызматкеринин эң аз айлыгы 10-12 миң сом алып жатат. Ал эми дарыгерлер менен мугалимдердин айлыктары эки эсеге артта калып калды. Жакынкы учурда президенттин буйругунун негизинде 309 миң мугалим менен дарыгердин, маданият кызматкерлеринин, илим тармыгандагы адистердин айлыктарын көтөрүп жатабыз. Салык кызматы ушундай темп менен салыктарды чогулта берсе, 4 квартал менен коргоо органы менен милициянын да айлыгын көтөрөбүз деген ниетибиз бар», — деди.

Белгилей кетсек, буга чейин күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлердин айлыктары 1-апрелден тарта көтөрүлөөрү айтылга болчу.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө он миңдеген аскер кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери бар экенин айтып, алар 1-апрелден тарта айлык көтөрүлөт деп күтүп жатышканын белгиледи.

«Биз муну ачык айтышыбыз керек. 1-апрелден баштап биздин айлык акы көтөрүлбөйт. Себеби алар муну күтүп жатышкан. Биз алардын айлыгын 1-августтан тарта көтөрүлөт деген планды киргизип жатабыз», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 1642