1-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;
Бишкек шаарында түнкүсүн -8…-10 күндүз 0…-2 градус болот.