Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтөт.
Маалымдалгандай, иш-чарага дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 250гө жакын өкүл катышат.
Форумдун темасы — “ШКУ жаңы доордо: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташууга карай”.
Иш-чара Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги тарабынан биргелешип уюштурулууда.
Форум Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, алдыңкы ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлор жана илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү катышат.
Ошондой эле форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, эл аралык медиахолдингдердин, телерадио компаниялардын, басма жана электрондук ЖМКлардын өкүлдөрү, эксперттик жана академиялык чөйрө, дипломатиялык корпус жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле ата мекендик ЖМКлардын, жогорку окуу жайлардын жана аналитикалык борборлордун жетекчилери катышат.
Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөдө ЖМКлардын жана аналитикалык борборлордун ролун, эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, медиачөйрөнүн санариптик трансформациясын, гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жана глобалдык маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашат.