30-августка чейин жашаган жери боюнча mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө. Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күнү эң көп 1-класска Ош облусунда 24 459, Жалал-Абад облусунда-24080, Чүй облусунда- 22107, Бишкек шаарында-16738 жана Баткен облусунда-12110 бала катталды.
Белгилей кетсек, 28-августка карата республика боюнча mektep.edu.gov.kg балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126578 бала катталганын билдирди.