Фейсбук колдонуучусу өздүк баракчасына «Биринчи сентябрь. Реалдуулук» деп жазып видео жайгаштырган. Бул видео көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү.
Видеодо парталарда олтурган бөбөктөрдүн биринен өтүп бири ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Кыргызстанда быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен жаңы окуу жылы бүгүн, 2-сентябрда башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет.
Ал эми бүгүн, 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнүнүн башталышына байланыштуу салтанаттуу чогулуштар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт.