Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чарага башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев, «Ала-Арча» паркынын директору Талант Жекшенов, Германиянын Wiegand компаниясынын директору Юрген Хельмут Рушке катышты.
Кыргызстандагы алгачкы родельбан 1200 метрден ашык узундукта курулат. 36 заманбап чана орнотулуп, саатына 500гө чейин конокту кабыл ала алат.
Курулушту аяктоо 2026-жылдын март айына белгиленген.