• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-октябрда Бишкектин бир катар аймактарында суу өчөт

30 Аяк оона 202413:23 Бишкек Govori.TV

1-октябрда борбор калаанын бир катар аймагында суу өчүрүлөт. Мэрия маалымдагандай, бул Бишкек мэриясына караштуу «Бишкексууканал» ишканасы «Түндүк» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу.

1-октябрда саат 9:00дөн 2:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрүндө, Ала-Арча дарыясында, Жибек Жолу проспектисинде, Жаш Гвардия бульварында, БЧКда жана Саадаев көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат. Мындан тышкары, “Красный строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын-Бешик” жана “Салам-Алик” конуштарында да суу болбойт.

Количество просмотров: 208