• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт. Ага бюджеттен 667 млн. сом керек.

31 Теке 201811:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу Govori.TV  маалымат агенттигине  Соцфонддун маалымат-катчысы Адилет Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, мындан ары жыл сайын 1-октябрда пенсия көтөрүлүп турат.  “Азырынча биздин экономикалык бөлүм пенсиянын көлөмү канчага өсөөрүн эсептеп жатышат. Пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн жогорулатуу үчүн быйылкы жылга 667 млн. сом керек болот.  Былтыркы, 2017-жылы болжол менен 320 сомго көтөрүлгөн. Биз пенсияны көтөрүүнү атайын коомдук кеңешке салып ошонун негизинде жүргүзөбүз”,- дейт ал.
Эскерте кетсек,   пенсиянын төлөмдөрүнүн чыгашасы 42 миллиард 134 миллион 813,7 миң сом болоору күтүлүүдө.
Количество просмотров: 14