• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бекназаров УКМКда сурак берип жатат

24 Кулжа 202611:37 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Азимбек Бекназаров 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Бекназаров кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз.

Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган.

Буга чейин ал “Кемпир-Абад иши” боюнча кармалып, кийин Биринчи май райондук сотунда жана Бишкек шаардык сотунда акталган.

Количество просмотров: 143