• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

1-сентябрда Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт

28 Баш оона 202019:38 Бишкек Govori.TV

1-сентябрда парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат.

30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган. Аталган сессияда жалпысынан 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барып, август айында эмгек өргүүсүнө чыгышмак.

Количество просмотров: 127