• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

10:00гө карата 236 миңден ашык шайлоочу добуш берди

4 Тогуздун айы 202011:16 Бишкек Govori.TV

Саат 10:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 236 миң 921 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 4-октябрдагы брифингде билдирди.

«Шайлоочулардын 6,72%ы добуш берди. Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 532ни түздү», — деп билдирди Шайлдабекова.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалган болчу.

Количество просмотров: 66