• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нуржан Шайлдабекова кызматын тапшырабы? БШКнын жообу

18 Жалган куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматын тапшырып, Европага кетери тууралуу маалыматтар тараган.

Маалыматты тактоо иретинде Боршайкомдун басма сөз кызматына байланышканыбызда Шайлдабекованын кызматтан кетээри тууралуу эч кандай маалымат айтылбаганын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдан бери БШКнын төрайымы. Акыркы жолу бул кызматка кайрадан 2021-жылдын 2-июлунда Боршайкомдун жаңы курамы түзүлгөндө дайындалган.

Количество просмотров: 2432