• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

БШК комиссиянын курамына өкүлдөрдү киргизүү боюнча партиялардын сунушун күтөт

1 Бештин айы 2021 18:55 Бишкек Govori.TV

БШК 3-декабрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын көрсөтүүдө кетирилген техникалык катанын себептерин тактоо боюнча комиссия түзүү жана ага кимдер кирери тууралуу саясий партиялардан сунуштарды күтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

«Анан биз ишти баштайбыз. Баарыбыздын максатыбыз туруктуулук болсо, сунушту колдоп, чогуу иштесек, жыйынтыкка келебиз», — деди ал.

Бүгүн БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өттү. Ага шайлоого катышкан партиялардан өкүлдөр, бир мандаттуу округдан катышкан айрым талапкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Количество просмотров: 193