• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

10-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

9 Чын куран 201914:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.

10-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Количество просмотров: 16