«Мадина» базарынын соодагерлери жаңы «Ала-Тоо» базарына көчүүдөн баш тартууда.
Алар Мадинага жакын жерде курулган жаңы базарда талаптарга жооп берүү маселеси бар экенин жана жаңы базардын жетекчилиги келишимге келбей жатканын билдиришти.
Буга карата Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев комиссиянын иши үчүн убакыт берүүнү суранды.