• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

10-декабрга карата аба ырайы

9 Бештин айы 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Эртең, 10-декабрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -9….-14, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…2 градус болот.

Количество просмотров: 159