• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды

30 Аяк оона 2020 9:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө сасык тумоого каршы вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2%ы колдонулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен 119 643 миң сасык тумоого каршы вакцинанын дозасы сатылып алынган.

Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

  • Бишкек ш. – 27000;
  • Чүй облусу – 24000;
  • Ош ш. – 5000;
  • Ош облусу – 18000;
  • Жалал-Абад облусу – 17643;
  • Баткен облусу – 9000;
  • Ысык-Көл облусу – 9000;
  • Нарын облусу – 5000;
  • Талас облусу – 5000 доза.

Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, республиканын бардык ҮМБларында (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык- аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Количество просмотров: 45