• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БШК: Аида Салянова бир айдын ичинде депутаттык мандатынан ажыратылат

19 Бирдин айы 2018 17:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.02.2018.Govori.TV.

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салянованы депутаттык мандатынан ажыратыш үчүн БШК жыйын өткөрөт, учурда чечимдин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүүлөр жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен депутатты мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынат.

Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Аида Салянованын ордуна тизме боюнча келе турган Гульнара-Клара Самат- Кабилова, Бакиевдин учурунда БШКнын төрайымы болуп иштеген, кийин Максим Бакиев тараптан коркутуп-үркутүү болгонун жарыялап, өлкөдөн качып кеткен.

Количество просмотров: 44