Кыргызстанда 30-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 108 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 17
Ош – 2
Чүй облусу – 11
Ош облусу – 12
Талас облусу — 6
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 33
Баткен облусу — 16
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 43 миң 820га жетти.