• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

11-апрелде мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, үшүк жүрөт

11 Чын куран 2018 9:09 Бишкек Govori.TV
Бикшкек 11.02.2018. Govori.TV
11-апрелде көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2, күндүз 9…14,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында түндө мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус жылуу болот.
Мындан сырткары кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алманын, өрүктүн жана алчанын бүчүрлөрүнө зыян.
Количество просмотров: 18