• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

11-декабрь. Күндүн ыргагы… Ысык-Көлдү “каралар” басып кеткенби?

11 Үчтүн айы 2018 18:32 Бишкек Govori.TV

Бостери айылында жайгашкан “Осьминог” кафесине “каралар” өрт койгондугун ошол кафенин кожоюну айтып чыккан.

“Жай айларында мага Камчы Көлбаевдин балдары келип, бир сезонго 500 доллар салык төлөйсүн деген. Мен акча берүүдөн баш таркам. Ошондо алар кафени өрттөп кетээрин айтышкан. Мен дароо УКМКга арыз жазып, Айдар жана Үрүстөм деген бала камака алынган. Эки айдан кийин сот аларды шарттуу түрдө бошотту. Ошолор келип эле кафени өрттөп кетти. Газ балон жарылды деп жатышат. Балон кафе күйүп бүткөнү калганда жарылды. Күйүүчү зат кафенин арткы короо жагынан ыргытылган. Эми кафенин кожоюну менден 200 000 доллар доолап жатат деген,- Аскат Асанкадыров.

Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Дастан Бекешов, Эльвира Сурабалдиевалар “каралар” азыр баш көтөрмөк тургай, чардап жүрөт. ИИМ аларга бөгөт койгондун ордуна, кайра колдоо көрсөтүп жатышкандыктарын айтты.

https://www.facebook.com/100001003433927/videos/1623242511052514/

Ал учурда Караколго келген туристтерди жергиликтүү жаш балдар ур-соккуга алып жаткан видео интернетке тарады. Ысык-Көл облусунун  Ички Иштер Башкармалыгы бул массалык мушташ тууралуу текшерүү ишин баштаганын айтты.

90-жылдарды элестеткен көрүнүш азыркы күндө Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде  кайталанып жатканы, ИИМдин кандай иштеп жаткандыгынын көрсөткүчү.

Кыш мезгили кырын көргөзө баштады

Кыштын каары түшкөндө эле Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыруу азапка айланат. Төө Ашуу менен Ала-Белдеги унаа тыгынына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Жолдор министрлигин күнөөлөйбүз. Алар кылган ишинин отчетун берип, абалга айдоочулардын маданиятсыздыгы себеп экенин айтышат. Дайыма эле ушул.

 

Бүгүн аба-ырайына байланыштуу  Бишкек-Баткен авиа каттамдары токтотулду. Өткөндө Ошко болгон каттамдар кайра-кайра жылдырылып, жүргүнчүлөрдүн азабын колго беришкен.

Ошол эле учурда Бишкек-Ош жолунун боюндагы “Сосновка” постунан жүк ташуучу унааларды убактылуу өткөрбөй жатышыптыр. Жол жабык деп учака түшсө, каттамдар токтотулса. Бул өкмөттүн үйдөн чыкпай отургула дегениби?

 

WhatsАpp ГАИге жетти

Мурда айдоочулар ГАИ кызматкерлерин видеого тартып алып, интернетке чыгара беришчү эле, эми баары тескерисинче болот. Жол коопсуздугун сактоо башкармалыгы атайын WhatsАpp номурун иштете баштады.

https://www.facebook.com/kanimetov.kanat/videos/1032242280248997/

Мындан ары  жол эрежесин бузган айдоочуну  же жөө жүргүнчүнү байкап калган адам дароо смартфонуна тартып,  0706- 63 09 00  номуруна жөнөтсө, иликтөө иштери жүргүзүлүп, айдоочуга айып салынат. Илим технологияны түшүнүп алышкандыктары жакшы болуптур.

 

Орус элчисин өлүмүн уюуштурган адам кармалды

Сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жаткан Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду аткан адам ошол жерден жок кылынган. Эми ошол өлтүрүүнү уюштурган адамдын аты белгилүу болду.

Кармалган адамдын аты-жөнү так жазылган эмес. В.К.А деп баш тамгалары эле жазылган. Маалыматка ылайык ал  Ислам аалымы Фетхуллах Гюлендин оппозициялык уюмунун мүчөсү болгон. Ошондон улам ал жумушунан айдалган экен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

https://www.youtube.com/watch?v=BM7RV6M50qM

Анкара шаарындагы кайгылуу окуя болгон жерде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы болгон.

 

Чубак ажы никесин кыйган депутаттар табылбай жатат

Эки аял алуу темасы кызуу талкууланып жатканда Чубак ажы Жалилов айрым Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи аял алып жатканда никесин кыйып бергенин айткан. Эми ошол кайсы депутат экени табылбай жатат.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова алардын ким экенин табуу үчүн Жогорку Кеңешке кат жөнөткөн. Эки фракция катка жооп бериптир. Бирок кайсы депутаттын экинчи аялы бар экендигин айтпай эле, бул маселе жыйында талкууланганын “Ата Мекен” менен КСДП фракциясы билдирген.

“Негизи катка бир айда жооп берилиш керек. Декабрдын ортосунда кат жолдогом, депутаттарда дагы бир жума убакыт бар» дейт-Азиза Абдирасулова.

Ошентип 11-декабрь дагы өттү. Кыш ызгаары башталды.

Количество просмотров: 36