• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

ЖМК мыйзамы: Жумушчу топтун иши кайсы баскычта?

26 Чын куран 2024 17:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссия көчмө жыйын уюштурду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун айтымында буга чейинки болгон жолугушууларда көптөгөн иш жасалды.

«Бул жумушчу топтун бешинчи жыйыны, алдыда дагы 2-3 жыйыныбыз бар. Биз азыркы күндө мыйзамдын 90-95 пайызын карап чыктык деп айтсак болот. Мүчөлөр менен биргеликте келип түшкөн сунуштарды карап, ар бир беренеге токтолуп ошонун негизинде иштеп жатабыз», — деди ал.

Эсенгулов кошумчалагандай, мыйзамды кароо учурунда талаш-тартыш жараткан беренелер бар, аларды өзүнчө алып, кеңешип орток пикирге келүүнүн үстүндө иш жүрөт.

29-мартта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушту. Жыйында министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектигин айткан.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Количество просмотров: 140