Ысык-Ата районунда 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-январда Бирдик айылында болгон.
«Өспүрүм малын айылдын четиндеги талаага жайганы барган. Саат 16:30 чамасында үйүнө кайтып баратканда аттан жыгылып, үрккөн ат сүйрөп кеткен. Өспүрүм Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.