Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолугуп, алдыда жүргүзүлө турган реконструкция иштерин талкуулады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда базарды 2026-жылдын 1-августунан тартып жаңылоо планы каралып, ишкерлерге базардын айланасында уюштурула турган жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.
Калаа башчысы реконструкция иштеринин максаты шаардын көрүнүшүн жакшыртуу жана тартипти күчөтүү экенин белгилеп, ошол эле учурда ишкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынарын айтты.
Жыйынтыгында бардык маселелерди биргелешип кароо үчүн атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Анын курамына ишкерлердин өкүлдөрү, мэриянын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.
Комиссия реконструкцияга байланыштуу бардык маселелерди карап чыгып, тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен сунуштарды иштеп чыгат.