11-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы 10…12.