• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

11-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

10 Жетинин айы 202114:10 Бишкек Govori.TV

11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Жолдордун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -2…+3

күндүз +9…+14

Талас облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +10…+15

Баткен облусунда

түнкүсүн 0…+5

күндүз +11…+16

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн 0…+5

күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -2…+3

күндүз +7…+14

Нарын облусунда

түнкүсүн -4…-9

күндүз +5…+10

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +13…+15 градуска жетет.

Количество просмотров: 4478