Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке чечим чыгары күтүлүүдө. Учурда судья Кылычбек Истамкулов кеңешүүгө кетти.
Белгилей кетсек, отурумга сот ишин чагылдырууга келген ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.
Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган. Камакка алынган он бир журналисттин жетөө үй камагына чыккан.