• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскат Жетигендин жана 11 журналисттин соту кайрадан улантылат

19 Баш оона 202416:31 Бишкек Govori.TV


Акын Аскат Жетигендин кезектеги соту 29-августта Бишкек шаардык сотунда болот.

Эске салсак, Аскат Жетигенди Биринчи май райондук соту “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирген.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган. Биринчиси — 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

29-августта Ленин райондук сотунда 11 журналисттин кезектеги соттук процесси да болот. 11 журналистке карата “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Журналисттер аталган кылмыш иши атайын токулган иш деп билдиришүүдө.

Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков тергөө абагында кармалууда. Ал эми калган жети журналист үй камагына чыгарылган.

11 журналисттин кармалуусун Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдар, бир катар коомдук ишмерлер сөз эркиндигин чектөө катары сыпатташууда.

Количество просмотров: 160