• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Райсоттун 11 журналист боюнча чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды

18 Бештин айы 202411:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-декабрда Бишкек шаардык соту 11 журналист боюнча өкүм чыгарды.

11 журналисттин ичинен Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков абакта отурушат, Актилек Капаров жана Айка Бейшекеева пробацияда, калган журналисттер эркиндикте эле.

Эске салсак, ушу жылдын 10-октябрында Ленин райсоту Махабат Тажибек кызын 6 жылга, Азамат Ишенбековду 5 жылга эркиндигинен ажыратып, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны 2 жылга пробацияга кескен. Райсот калган журналисттердин айыбы болбогондуктан аларды актаган.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Ленин райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Эске салсак, Махабат Тажибек кызынын өспүрүм баласы бар, баласы энесин көрө электигине бир болду. Ал эми Азамат Ишенбековдун чоң энесинин көзү кайгыдан көрбөй калган.

Количество просмотров: 169