• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11 журналисттин сотуна ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок

10 Тогуздун айы 202410:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук сотунда Темиров Live басылмасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин иши боюнча сот отуруму уланды. Бүгүнкү отурумда айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгарылышы күтүлүүдө. Бирок, соттук отурумга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Учурда соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган. Камакка алынган он бир журналисттин жетөө үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 123